24.kg
08:35, 13 июня 2019, 24.kg

Алматыда полиция 200дөн ашуун кишини кармап кетти

12-июнда Казакстандын Алматы шаарында полиция 200дөн ашуун кишини кармап кетти.

Тартип сакчылары алар тургундарды уруксат берилбеген митингдерге чыгууга үндөгөнү үчүн кармалышканын билдирүүдө. «Азаттыктын» казак кызматы кабарлагандай, Нур-Султан шаарынын көчөлөрүнөн дагы көптөгөн полиция кызматкерлерин көрүүгө болот. Шаардын чок ортосу курчоого алынган, ал жерде эки эвакуатор бир нече кичиавтобус токтоп турат.

Шымкентте дагы Аль-Фараби аянтынын аймагы курчоого алынган.

9-10-июнда аталган үч шаарда Казакстандын президентин шайлоого байкот жарыялаган каршылык акциялары өткөн.

«Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын башчысы Мухтар Аблязов 12-июнда казакстандыктарды митингге чыгууга үндөгөн. Казакстанда кыймыл экстремисттик деп табылган, Аблязов өзү чет өлкөдө жүрөт, мекенинде ал 20 жылга түрмөгө кесилген.

Казакстанда сонку күндөрү мобилдик байланыш дагы үзгүлтүккө учуроодо. «Настоящее Время» телеканалынын кабарчылары бардык мессенжерлер начар иштеп жатканын билдиришүүдө. Казакстанда нааразылык акциялары президенттик шайлоодон бери уланууда. 9-10-июнь күндөрү Алматы жана Нур-Султан шаарларында 700гө жакын адам кармалды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18