24.kg
16:37, 12 июня 2019, 24.kg

Токаев президенттикке киришери менен бүт облус башчылары кызматтан кетти

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Нур-Султан, Алматы, Шымкент жана 14 облустун акимдерин, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилерин, мамлекет башындагы жооптуу кызматкерлерди отставкага кетирүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттиги коңшу мамлекеттеги кесиптештерине шилтеме берип жазды.

Маалыматка караганда, жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Казакстандын Конституциясынын 87-беренесинин 5-пунктуна ылайык, жаңы президент ишке киришкенден кийин жогорку кызматтагылар ээлеген ордунан бошотулат. Алар жаңысы дайындалганга чейин милдетин убактылуу аткарып турат.

Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы бүгүн, 12-июнда өтүп, расмий түрдө президенттик кызматка киришти. Ал 10-июнда ЖМКнын өкүлдөрү менен болгон брифинг учурунда өкмөт отставкага кетпей турганын айткан. Бирок кадрдык алмашуулар болорун белгилеген эле.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18