24.kg
15:34, 12 июня 2019, 24.kg

Кош бойлуу аялды телефон уурдагандыгы үчүн, № 1 тергөө абагына киргизишти

Кош бойлуу аялды эски телефонду уурдагандыгы үчүн Бишкектеги № 1 тергөө абагына киргизишти. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, акыйкатчы Токон Мамытов шектүү аял менен кезикти. Буга чейин ал акыйкатчынын атына арыз жазганы маалым болду.

Кош бойлуу аялдын айтымында, уурдалган телефонду ээсине кайтарып берген. Бул боюнча тил кат дагы бар. Ал 3 айлык боюнда бар экенин жана үйүндө 1 жаш 2 айлык баласы күтүп жатканын айтты.

«Акыйкатчынын пикиринде, Свердлов райондук сотунун судьясы шектүүгө карата камакта кармоо тууралуу туура эмес баш коргоо чарасын кабыл алган. Судья шектүүнүн кош бойлуу жана жаш баласы бар экенин эске алган эмес. Мындан тышкары телефондун баасы 10 миң сомдон ашпайт. Иш жоруктар тууралуу кодекске алмаштырылышы керек эле. Мындан тышкары кармалган жарандын камактагы мөөнөтү узарып кеткен», -деп айтылат маалыматта.

Акыйкатчынын аппараты кайрылууну Свердлов райондук прокуратурасына жиберди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18