24.kg
14:20, 12 июня 2019, 24.kg

Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу үчүн ыкчам түрдө комиссия түзүштү

Жогорку Кеңештин депутаттары мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу үчүн ыкчам түрдө комиссия түзүштү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине депутат Исхак Масалиев билдирди.

Маалыматка ылайык, комиссиянын чечими парламенттин үчтөн экиси тарабынан колдоого алынса, Башкы прокуратурага жөнөтүлөт.

«Башкы прокуратура Жогорку Кеңешке Алмазбек Атамбаевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу билдирүү жиберет», -деди депутат.

«Мен азыркы тапта Атамбаевдин колунда эмне үчүн ойноп жатканыбызга түшүнбөйм? Эмне үчүн? Керексиз ызы-чуу. Атамбаев кадимки киши катары сүйлөгөн сөзү жана мамилеси үчүн кылмыш же жарандык жоопкерчиликке тартылат. Буга эч кандай тоскоолдуктар дагы жок», -деди Исхак Масалиев.

Эске салсак, бүгүн бир канча депутат Алмазбек Атамбаевди сынга алып, Башкы прокуратурадан анын иш аракетине баа берүүнү талап кылышты.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18