24.kg
13:56, 12 июня 2019, 24.kg

ШКУ жыйынын 500дөн ашуун чет элдик жана жергиликтүү журналисттер чагылдырат

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Бишкекте өтө турган жыйынын чагылдыруу үчүн, 500дөн ашуун чет элдик жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү аккредитацияланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Индиянын, Казакстандын, Кытайдын, Пакистандын, Россиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Ооганстандын, Белоруссиянын, Ирандын, Монголиянын жана Япониянын 115 жалпыга маалымдоо каражаттарынан 443 чет элдик журналисттер иш-чараларды чагылдыруу үчүн аккредитациядан өтүштү.

Ошондой эле Кыргызстандын 32 жалпыга маалымдоо каражаттарынын 94 өкүлү аккредитациядан өтүштү.

13-июнда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук Филармониясында ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын катышуусу менен «Достук кербени» аттуу майрамдык Гала-концерт болот. Аны «ЭлТР» республикалык телеканал түз эфирде көрсөтөт.

14-июнда, «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Жыйындын жүрүшүн Коомдук телерадиокорпорациянын «Ала-Тоо 24» телеканалы түз эфирден көрсөтөт.

Түз эфирге аккредитациядан өткөн чет элдик жана жергиликтүү негизги телеканалдар кошулушат.

Эске салсак, ШКУга 8 мамлекет мүчө болуп эсептелет: Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан. 4 өлкө байкоочу макамына ээ, алар: Ооганстан, Белоруссия, Иран жана Монголия.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18