24.kg
11:11, 12 июня 2019, 24.kg

Парламент Алмазбек Атамбаевдин, Икрам Илмияновдун байлыгына кызыгууда

Жогорку Кеңештин депутаттары экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын аппарат башчысы болгон Икрам Илмияновдун байлыгынын тарыхына кызыгууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутат Талант Мамытов экс-президенттин жакындары коррупциялык жол менен байыганын белгиледи.

«Бир бизнеси жок Алмазбек Атамбаев кантип мультимиллиардер болду? Муну мен экинчи болуп айтып жатам. Биринчи жолу айткан Өмүрбек Текебаевди камады», — деди ал.

Депутат Ирина Карамушкина Алмазбек Атамбаев байлыгы боюнча бир топ маалымат бергенин белгилеп, президент Сооронбай Жээнбековдун акчасын текшерүүнү сунуштады.

«Сооронбай Жээнбековдун штабына 300 миллион сом каякта келген? Аны билген Икрам Илмиянов абакта, бухальтер чет өлкөдө качып жүрөт. Эмнеге Райымбек Матраимовдун байлыгы боюнча айта албайсыңар?», — деди Ирина Карамушкина.

Евгения Строкова Ирина Карамушкинадан Райымбек Матраимов боюнча маалыматтар эмнеге мурдарак айтылбаганын сурады.

«Эмнеге Икрам Илмиянов 300 миллион сом боюнча билсе, ошондо укук коргоо органдарына кайрылган жок. Ал шумахердин өзүнүн байлыгын карап көрбөйлүбү. Атамбаевдин алдында жүрүп кандай байыды? Райымбек Матраимов алты жыл Атамбаевдин иштеди, байыды. Эми аны алып, курал элди дүрбөлөңгө салуу үчүн колдонуп жатышат. Башка коррупционерлерди дагы карабайлыбы?», — деди Строкова.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18