24.kg
09:02, 12 июня 2019, 24.kg

Бишкекте кытайлык артисттердин катышуусундагы «Манас» операсы коюлду

Бишкекте алгачкы жолу кытайлык артисттердин катышуусундагы «Манас» операсы коюлду. 

Photo 122575

Кытайлык кыргыз манасчы Жусуп Мамайдын варианты боюнча даярдалган чыгарманы элге тартуулоо үчүн, Кытайдын Маданият жана туризм министрлиги менен Борбордук опера театры уюштурду.

Операнын негизги идеясы ынтымак, биримдик жана жалпы журттун тынчтыгын камтыйт. Негизги өзөгү «Манас» жана «Семетейдин» турмушу, эрдиги жана ийгиликтери камтылган.

Маалым болгондой, «Манас» эпосун операда коюу демилгеси 2015-жылы Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин катышуусунда өткөн маданият маселелери боюнча жыйында көтөрүлгөн. Операны сахналаштырууга эки жыл даярдык көрүлгөн.

Эске салсак, «Манас» операсы Кытайда 9 жолу коюлган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18