24.kg
08:45, 12 июня 2019, 24.kg

Орусия мигранттарга мекенине кайткандан кийин пенсия төлөп баштайт

Орусия Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдөн — Армения, Беларус, Казакстан жана Кыргызстандан келген эмгек мигранттары мекенине кайтса да, аларга пенсия төлөй баштайт. Бул тууралуу РБК агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, учурда биримдик ичинде жарандарды пенсия менен камсыздандыруу боюнча документ даярдалууда. Азыркы норма боюнча Орусияда иштеп, пенсияга чыккандан кийин дагы өлкөдө жашап калган мигранттар гана пенсия ала алышат. Өз мекенине кайткандарга төлөнбөйт.

Жаңы келишим боюнча Орусияда мекенине кайткан мигранттар жана орусиянын башка өлкөгө көчуп кеткен жарандарынын баарына пенсия төлөнөт.

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18