24.kg
17:22, 11 июня 2019, 24.kg

ШКУ. «Манас» аба майданы саммитке келе тургандарды кабыл алууга даяр

«Манас» эл аралык аба майданы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саммитине келе турган делегацияларды кабыл алууга толугу менен даяр. Бул тууралуу аба майдандын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Photo 122519

Маалыматка ылайык, мамлекет башчыларын тосуп ала турган «Манас-2» терминалы оңдоодон өттү.

«Президент жана премьер залдарынын эмеректери жаңыртылып, чоң LED-экран орнотулду», — деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары жолдорду жашылдандыруу жана жакшыртуу иштери аткарылды.

13-14-июнь күндөрү Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы астында ШКУнун саммити өтөт. Ага ШКУга мүчө 12 мамлекеттин башчылары катышат. Алар: Орусия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Индия жана Пакистан. Ал эми байкоочу катары Ооганстан, Белоруссия, Иран жана Монголиянын президенттери келет.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18