24.kg
16:31, 11 июня 2019, 24.kg

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган объекттерди алуу иштери уланууда

Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы борбор калаада мыйзамсыз орнотулган объекттерди алуу иштерин улантууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.


Аткарган иштериндин алкагында «Ак-Өргө» жаңы конушундагы Б. Алыкулов жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан май алмаштыруучу пункту алынды. Ошондой эле, Ч. Айтматов проспектисинин жана Балтагулов көчөсүнүн кесилишинде орнотулган жарнама конструкциясы да алынды.

Мындан тышкары, Фучик көчөсүндөгү 10×5 чарчы метр аянтты ээлеген павильон, Фрунзе көчөсүнүн жана Жибек Жолу проспектисинин кесилишинде 40 тонналык контейнер, Жибек Жолу проспектисинин жана Ростов көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан павильон, Айни жана Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде орнотулган батут, Батыш автовокзал жанындагы жеңилдетилген типтеги объекттер, Абдрахманов көчөсүндө орнотулган жарнама конструкциясы алынды.


Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18