24.kg
15:45, 11 июня 2019, 24.kg

Азия лидерлеринин саммити Душанбеде өтөт

Азия лидерлеринин саммитине Орусиянын, Кытайдын, Ирандын, Азербайжандын, Өзбекстандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Түркмөнстандын, Бангладештин жана Шри-Ланканын президенттери, ошондой эле Ооганстандын өкмөт башчысы Абдулла Абдулла катышат.

Азиядагы өз ара карым-катнаш жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин мамлекет башчыларынын бешинчи саммити 14-15-июнь күндөрү Тажикстандын борборунда өтөт.

Бул эл аралык форум Азиядагы тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу максатында түзүлгөн. Ага Азиянын жалпы аянтынын 90 пайызга жакынын ээлеген 27 өлкө кирет. Мындан тышкары анда дагы сегиз мамлекет менен беш эл аралык уюм, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюму байкоочу макамына ээ.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18