24.kg
14:51, 11 июня 2019, 24.kg

Конгантиевдин иши. Күбө катары чакырылган Акылбек Жапаров сотко келген жок

Биринчи Май райондук сотунда ИИМдин мурунку башчысы Молдомуса Конгантиевдин иши боюнча соттук териштирүү уланууда. Отурумдун жүрүшүндө бүгүн күбө катары чакырылган депутат Акылбек Жапаровдун келбей тургандыгы маалым болду.

Судья Мирлан Термечиков күбөгө катталган дареги боюнча чакыруу жөнөтүлгөнүн, бирок ал келбегинин айтты.

«Биз ага катталган дарек боюнча чакыруу жөнөткөнбүз. Акылбек Жапаровдун жардамчысы чалууга жооп бербей жатат. Депутаттын телефону өчүрүлгөн. Биз социалдык түйүн аркылуу байланышууга аракет кылдык, бирок ал жооп берген жок», -деди ал.

Эске салсак, ИИМдин мурунку башчысы 2005-жылдагы март окуяларында шалаакылык мамиле кылгандыгы жана 2010-жылы апрель окуяяясында кызмат абалынан пайдалангандыгы үчүн айыпталууда.

Эске салсак, мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге карата кылмыш иши токтотулганын 24.kg агенттигине анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирген. Анын айтымында, кылмыш ишинин токтотулушу милициянын генералы кылмыштын курамында болбогондугу менен түшүндүрүлдү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18