24.kg
14:07, 11 июня 2019, 24.kg

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп жаңы жетекчи дайындалды

Алтынбек Намазалиев өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Тийиштүү буйрукка премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Эске салсак, буга чейин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Туйгунаалы Абдраимов иштеп келген. Ал Чүй облусуна караштуу Орок айылындагы окуя маалында журналистти келекелегени үчүн сынга кабылып, кечээ кызматтан бошотулду.

Буга чейин Алтынбек Намазалиев Аламүдүн районунун акими болуп иштеп турган.

Дагы бир буйрукка ылайык, Марс Саккараев Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрация башчысы — акими болуп дайындалды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18