24.kg
09:53, 11 июня 2019, 24.kg

ШКУ. Бишкектин жана Чүй облусунун айрым жолдору убактылуу жабылат

ШКУ мүчө-мамлекеттердин башчыларынын саммитин өткөрүү учурунда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун кээ бир жолдорунда убактылуу чектөөлөр коюлат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүп, аталган иш-чарада жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн тартылат.

«Делегациялар өтө турган Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында иш-чараларды өткөрүү жайларында, көчөлөрдө, жолдордо маал-малы менен жолдор убактылуу жабылат. Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында өтө турган иш-чаралардын жанында 12 эвакуаторлор тартылат. Такталбаган жерлерде токтотулган жана кароосуз калган автоунаалар эвакуацияланат», -деп айтылат маалыматта.

Саммит 13-июнда болот. 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18