24.kg
09:43, 11 июня 2019, 24.kg

Чет элдик жарандарды тоноого 25 жаштагы кыз да катышкан

Бишкекте чет өлкөлүк жарандарды каракташкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн бири 25 жаштагы кыз. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Кечээ төрт кишиден турган топ кармалган. Алардын бирөө 1994-жылы туулган Чүй облусунун тургуну Т.К. аттуу кыз. Ал мурда бейбаштык боюнча соттолгон.

Андан тышкары, 1994-жылы туулган Х.Д. , 1988-жылы туулган З.Д. аттуу, 1996-жылы туулган А.у.А. кармалды. Үчөөң уруулук менен соттолгон.

Эске салсак, ушул жылдын май айынан баштап азыркы күнгө чейин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында Пакистандын жана Индиянын жарандары каракчылык жана тоноого туш болушкан.

ИИМдин маалыматында, бул топ 1-майда Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде жайгашкан үйдө жашаган Пакистандын жаранын күч колдонуп, 1 миң 600 долларын жана жеке буюмдарын алып кетишкен.

Кылмыштуу топ 20-майда Тыныстанов көчөсүндөгү тоноого дагы шектелүүдө. Анда Индиядан келген студенттердин 40 миң сомун, 2 ноутбук жана 6 уюлдук телефондорун тартып алышкан.



Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18