24.kg
17:40, 10 июня 2019, 24.kg

Өмүрбек Текебаев Аида Салянованын камалышы боюнча үн катты

Мурдакы башкы прокурор Аида Салянованын кармалышы мыйзамыз. Бул тууралуу «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жергиликтүү ЖМКга берген маегинде билдирди.

Ал Аида Салянованын мурдакы башкы прокурор, Жогорку Кеңештин экс-депутаты катары кол тийбестиги бар экенин белгилейт.

«Баарыбызга белгилүү Аида Салянова ал Ген.прокурор болуп турган мезгилдеги иши үчүн айыпталып жатат. Демек, Конституциялык палатанын, Жогорку соттун чечимдерине ылайык, экс-Ген.прокурор Аида Салянованы кылмыш жообуна тартыш үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу сөзсүз алынышы керек. Ансыз Аида Саляновага жасалган аракеттердин баары мыйзамсыз. Ал аракеттерди жүргүзгөн адамдар мыйзам алдында жооп бериши керек», — дейт ал.

Өмүрбек Текебаев Аида Салянованын камалышы боюнча Жогорку Кеңеш териштирүү жүргүзүшү зарылдыгын айткан.

Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда чыгарылышы байланыштуу кылмыш ишинин алкагында 26-июнга чейин кармалган

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18