24.kg
11:36, 10 июня 2019, 24.kg

Депутат Зарылбек Рысалиевдин абалы дагы эле оор

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевдин абалы оор. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан билдиришти.

Депутат жандандыруу бөлүмүндө жатат.

«Ал так сүйлөй алат, бирок, токтотулуп-токтотулуп. Эки жолу алган инсульттун кесепети дагы бар. Азыркы абалы стресс жана сахар диабетине дагы байланыштуу болушу мүмкүн. Эч нерсени божомолдой албайбыз», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Зарылбек Рысалиев өткөн жумада ИИМде кримтөбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгарылышы боюнча сурактан кийин ооруканага түшкөн.

Азиз Батукаев бошотулган жылы Зарылбек Рысалиев Жаза аткаруу кызматын жетектеген. Анын жардамчысы кримтөбөлдү учакка чейин коштоп барган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18