24.kg
10:39, 10 июня 2019, 24.kg

Жалал-Абаддын Барпы театры Россиядагы мигранттарга спектакль коет

Жалал-Абад облусундагы Барпы атындагы кыргыз драма театры июнь айынын экинчи декадасынан тарта кыргызстандыктар көп жашаган Россиянын шаарларын атайын маданий программа менен кыдыруусун баштайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекендештерге Эл жазуучусу Мар Байжиевдин «Адашкан адам» драмасы тартууланат.

Россиянын шаарларын кыдыруу графиги төмөнкүчө:

— 12-июнда Новосибирск шаарындагы Чкалов маданият үйү;

— 13-июнда Новокузнецк шаарындагы чыгармачыл үйлөрдүн бирикмеси;

— 14-июнда Томск шаарындагы «Авангард» маданият үйү;

— 16-июнда Красноярск шаарындагы СБК маданият үйү;

— 19-июнда Иркутск шаарындагы «Орбита» маданият үйү;

— 22-июнда Хакасия Республикасынын Абакан шаарындагы республикалык маданият үйү;

— 23-июнда Тыва Республикасынын Кызыл шаарындагы Тыва элдик театры;

— 26-июнда Горно-Алтайск шаарындагы «Голубой Алтай» театры;

— 29-июнда Екатеринбург шаарындагы Лаврова маданият үйү;

— 30-июнда Тюмень шаарындагы «Торфяник» маданият үйү;

— 1-июлда Пермь шаарында болот.

Бардык шаарларда спектакль саат 19.00дө башталат. Спектаклден соң чоң программадагы концерт да тартууланат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18