24.kg
08:50, 10 июня 2019, 24.kg

Казакстанда Токаев 70 пайыз добуш менен алдыга чыкты

Казакстандагы «Коомдук пикир» инситуту жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, «бийликтин талапкери» Касым-Жомарт Токаев добуштардын 70,13% алды.

Бул тууралуу бул уюмдун башчысы Айнур Мажитова Нур-Султан шаарында өткөн жыйында билдирди. «Улут тагдыры» кыймылынын өкүлү, оппозициянын талапкери Амиржан Косанов 15,39% добуш экинчи орунда. Жалгыз аял талапкер, «Ак жол» партиясынан көрсөтүлгөн Дания Еспаевага шайлоочулардын 5,32% добуштарын беришкен.

Байкоочулар 30 жыл олкону башкарган Нурсултан Назарбаев катышпаган биринчи шайлоодо жети талапкердин ичинен утурумдук президент Касым-Жомарт Токаев жеңип чыгаарын боолгоп жатышкан.

Жекшембиде Нур-Султан, Алматы жана Чымкент шаарларында президенттик шайлоону бойкоттоого чакырган жүздөгөн адамдар кармалды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18