Аткаминерлерге кеңеш. Ыңгайсыз суроолорду буйтап өтүү жолдору
Аткаминерлер, саясатчылар көп учурда журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн коркуп, ЖМК өкүлдөрүн айланып өтөт. Кыргыз саясатчыларынын арасында журналисттер менен баарлашуудан жаа бою качкандары дагы жок эмес. Айрымдары ыңгайсыз эмес, катардагы эле суроолорго жооп таба албай оңтолоп, же «балп» этип, күндүн «жылдызына» айлангандары дагы жок эмес.
Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Туйгуналы Абдраимов дагы журналисттин кыздын жөнөкөй суроосуна орой жооп берип, коомчулуктун сынына кабылды.
24.kg агенттиги аткаминерлерге жана саясатчыларга жооптон качып кутулуу боюнча кеңеш сунуштайт.