Бишкекте Кытайдын борбордук опера театрынын «Манас» операсы коюлат
Бишкекте Кытай Эл Республикасынын борбордук опера театрынын «Манас» операсы коюлат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, «Манас» эпосун операда коюу демилгеси 2015-жылы Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин катышуусунда өткөн маданият маселелери боюнча жыйында көтөрүлгөн. Операны сахналаштырууга эки жыл даярдык көрүлгөн.
Эске салсак, «Манас» операсы Кытайда 9 жолу коюлган.