24.kg
14:16, 07 июня 2019, 24.kg

Президент каржы жана экономика чөйрөсүнүн кызматкерлерин куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн финансы жана экономика чөйрөсүнүн кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы өлкөнүн туруктуу экономикалык өнүгүшү, мамлекеттин ресурстарын натыйжалуу башкаруу жарандардын бакубат турмушунун негизи болуп саналаарын айтты.

«Диверсификацияланган, тең салмактуу түзүмү бар, атаандаштыкка жөндөмдүү экономиканы түзүү үчүн жагымдуу инвестициялык чөйрөнү орнотуу милдети турат. Инновациялык жана жаратылышты сактаган технологияларды кеңири ишке киргизүү, ошондой эле менчик укуктарын коргоонун ишенимдүү системасын өнүктүрүү боюнча иш-аракетти активдештирүү зарыл. Финансылык ресурстарды ачык-айкын, рационалдуу жана натыйжалуу башкаруу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Бул максатта жасалып жаткан экономикалык реформалардын ийгилиги ар бириңиздердин ак ниет эмгегиңиздерге байланыштуу болот», -деди президент.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18