24.kg
10:55, 07 июня 2019, 24.kg

Аида Салянованын туугандарына кийим менен дары алып кирүүгө уруксат берилди

Мурунку прокурор Аида Салянованын туугандарына жылуу кийимдери менен дары-дармек алып кирүүгө уруксат беришти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын эжеси Чынара Турдалиева билдирди.

Эске салсак, мурунку прокурор мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз чыгарылышы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган.

Айтымында, Аида Салянова жалпы камерага киргизилген эмес. Ал дагы бир аял экөө бир камерада отурат. Шектүү кармоо шартына нааразы эмес.

«Ал өзүн карманууда. Физикалык жактан эч кандай бузуулар жок, бирок моралдык жактан алсыз. Ал кичинекей кызына өтө кабатырланып жатат», -деди ал.

Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Аида Салянова 26-июнга чейин камакта болот.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18