24.kg
10:36, 07 июня 2019, 24.kg

Айыл чарба азыктарын четке ташып иштеген ишкерлер салыктын 4 түрүнөн бошотулат

Айыл чарба азыктарын (жер-жемиш, жашылча) Казакстан жана башка өлкөлөргө ташып иштеген ишкерлер салыктын 4 түрүнөн бошотулат. Бул тууралуу Экономика министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, ишкерлер кошумча нарк салыгы, сатуу салыгы, киреше салыгы жана мүлк салыгынан бошотулат.

Экономика министринин орун басары Дастан Кадыров билдиргендей, өлкөнүн Салык кодексине ылайык, мындай ишкерлерге белгилүү талаптар коюлат. Алардын ишмердүүлүгү ата-мекендик айыл чарба азыктарын иштетүүгө багытталган болушу шарт.

Мындан сырткары ишкерлердин баардык талаптарга ылайыктуу, шарты каралган кампалары, жер аянттары, өндүрүш жайлары болушу керек.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18