24.kg
10:14, 07 июня 2019, 24.kg

Түркмөнстан банктары өлкө ичинде акча которууларды токтотту

Түркмөнстан банктары апрель айынан бери өлкө ичинде акча которуу операцияларын көрсөтүүнү токтотту. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысы билдирди.

«Түркмөнстандын «Halkbank» коммерциялык банкы апрелде «Гырат» кызматын көрсөтүүнү токтотту. Бул өлкө ичинде улуттук валютада акча которгон жалгыз кызмат болчу. Бу кызматтын токтошу менен өлкө банктары акча которуу мүмкүнчүлүгүн жоготушту», -деп билдирди кабарчы.

Кабарчы коопсуздук маселелеринен улам атын атаган жок.

Анын айтымында, эми акчаны почта менен гана жөнөтүүгө мүмкүн. Почта аркылуу акча жөнөтүүдө кызмат үчүн 10% комиссия алынат. Түркмөнстандыктар төлөм акы жогору экенине нааразы. Мындан тышкары почта менен жөнөтүлгөн акчаны алуу үчүн бир нече жума күтүүгө туура келет.

«Halkbank» коммерциялык банкынын сайтында акча которууларды жүргүзүү кызматынын токтогону тууралуу маалымат жок.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18