24.kg
09:34, 07 июня 2019, 24.kg

Алексей Петрушевскийге кызмат абалынан пайдаланган деген айып коюлду

Бишкек мэриясынын алдындагы бапдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун мурунку директору Алексей Петрушевскийге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып коюлууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Елена Гаврилова билдирди.

Айтымында, кечээ Алексей Петрушевскийди УКМКга күбө катары суракка чакырышкан. 4 жарым сааттан кийин тергөөчү аны кармоо тууралуу протоколду толтурган.

«Алексей Петрушевскийге борбордун директору болуп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып коюшууда. 2017-жылы жашоого жат келген жүрүм туруму бар аялдын баласына чоочун аял жардам берген. Алексей ал аял менен баланын жолугушуусуна уруксаат берген. Ал баланы камкордукка алууну ниет кылып жатканда, баланын туугандары табылып калган. Баланын каалоосу жок эле жакындарына беришкен. Тергөөнүн версиясы боюнча, Алексейдин уруксаат бергенге укугу жок болчу», -деп айтты жактоочу.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18