24.kg
16:25, 06 июня 2019, 24.kg

Талас облусунда кош бойлуу аял каза болду

Талас облусунда кош бойлуу аял каза болду. Бул тууралуу Фейсбуктун колдонуучусу жазып чыкты.

Анын айтымында, кырсык 3-июнда болгон. Боюнда бар келин бели жана ичи ооруганын айтып ооруканага кайрылган. Бирок, дарыгерлер бала кыймылдап жатканын айтып, баары жакшы деп аны үйүнө жөнөтүп жиберишкен.

«Кош бойлуу келин 2 күн бою ооруканага барган, анда дарыгерлер ар кайсыл процедуралардан өтүп кел деп эки жакка жумшаган. Ал күйөөсү менен келип, ичи катуу ооруп жатканын айтса дагы, дарыгерлер төрөт мөөнөтү 17-июнда экен деп ооруканага жаткырбай коюшкан», -деп айтылат маалыматта.

Кош бойлуу келин сыртка чыгып, өзүн жаман сезе баштаган. Ошол маалда эсинен танып жыгылган.

«Кош бойлуу келинди жандандыруу бөлмөсүнө алып келишкен, бирок ал каза болуп калды. Эмне себептен дарыгерлер баланы кесарево жолу менен төрөтүп алышкан жок?», -деп нааразы болду соцтармактын колдонуучусу.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18