24.kg
14:42, 06 июня 2019, 24.kg

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 5,4 пайызга өскөн

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 5,4 пайызга өскөн. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов билдирди.

Айтымында, өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 4,4 пайызы баалуу металлдарды өндүрүүнүн жана 8,1 пайызы пайдалуу кендердин өсүүсүнүн эсебинен камсыздалган.

«2018-жылдын жыйынтыгы боюнча сынактардын жана аукциондордун жыйынтыгында республикалык жана жергиликтүү бюджетке түшүүлөр 10 миллиард 687 миллион сомдон ашуунду түзгөн, тармакта 18 миңден ашуун адам иштейт», — деди ведомство башчысы.

Эмил Осмонбетов билдиргендей, үстүбүздөгү жылы Сүлүктү, Кадамжай, Кара-Кече, Туюк-Каргаша, Тоголок, Ноокат, Жетим сыяктуу келечектүү кен жайларын сынакка коюу пландалууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18