24.kg
12:26, 06 июня 2019, 24.kg

Журналист кекетип суроо берди. Туйгунаалы Абдраимов Ороктогу окуя тууралуу

Журналист кыз мага кандай суроо узатса, мен ошого жараша жооп бердим. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов журналисттер менен болгон жолугушууда айтты. 

Photo 121848

Эске салсак, кечээ Орок айылындагы окуяда аткаминер «Ала-Тоо 24» каналына гана түшүндүрмө бере турганын, калгандарына түшүндүрмө берүүдөн баш тартканын айткан видео тараган. Анда аткаминер суроо узаткан кызга «сиздин жүзүңүз жагымсыз», -деп орой мамиле кылган.

«Кечээ ОИИББнын башчысы окуя тууралуу маалымат берип мага чалды, ал жакка түштөн кийин бардым. 3-4 үйдүн терезеси сынган экен, кээ бир жарандар качып кетишиптир. Анан айыл аксакалдары менен сүйлөштүм. Камалган балдардын апалары ызы-чуу болуптур, алар менен 1 саатча сүйлөштүм. Кечээ балдар камалып, нерв болуп жүргөм. Сары кыз (журналист) менден прокурордун тону менен «эмне кылып жүрөсүз?», — деп кекете сүйлөдү. Мен дагы ошондой жооп бердим», -деди ал.

Аткаминер журналисттердин суроолоруна акырына чейин жооп берген жок, сыртка чыгып кетти.

Эске салсак, 5-июнда Орок айылындагы мечиттен чыгып бара жаткан 3 өспүрүм уруша кетишкен. Анда 2 өспүрүм 1 баланы сабап салышкан, кесепетинен бала жаракат алып ооруканага жеткирилген. Кийин урушуп кеткен балдардын туугандары 2 тарап болуп нааразычылык акциясына чыгышкан. Ортодо пикир келишпестиктер жаралып, 15 үйдүн терезелери талкаланып, чөп жыйылып турган 1 сарай өрттөлгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18