24.kg
12:20, 06 июня 2019, 24.kg

ӨКМ: Баткенде сел жүрүп, ички чарбалык арыктарды каптады

Баткен районуна караштуу Ак-Татыр айыл аймагында 5-июнда саат 19:40 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Ак-Суу дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Ак-Татыр айылынан Тамдык жайлоосуна баруучу ички чарбалык көпүрөнүн оң канатын жууп кеткен. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

«4-июнда саат 16:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен коктулардан келген сел суулары Рават айылында 2 чакырым ички чарбалык унаа жолду, 1 чакырым ички чарбалык арыктарды жана 4 турак үйдүн бакчаларын каптаган. Тазалоо иш-чаралары 6-июнь күнү жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, Лейлек районунун Катраң айыл аймагында 5-июнь күнү саат 17:20да катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Баул айылындагы Коргон-Катраң-Баул ички чарбалык жолунун 5 чакырым аралыгынын айрым жерлерин сел каптаган, унаалар кыйынчылык менен өтүүдө.

Кырсыктын кесепетин жоюуга № 13 ЖТИден 1 жүктөгүч тартылып, унаа жолдун 1,5 чакырым аралыгы тазаланган. 6-июнь күнү тазалоо иштери улантылат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18