24.kg
11:41, 06 июня 2019, 24.kg

Абдраимов кетсин! Туйгунаалы Абдраимов иш бөлмөсүнөн чыга элек

Учурда Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын имаратынын алдына журналисттер чогулду. Алар Орок айылында болгон окуя маалында аткаминердин журналист кызга сүйлөгөн сөзү үчүн жооп беришин күтүп жатышат.

Чүй облусунун губернатору Туйгунаалы Абдраимов менен иш бөлмөсүнөн чыга элек. Жардамчыларынын айтымында, ал учурда жыйын өткөрүүдө. Журналисттер учурда күтүп турушат. Жардамчылары жыйын залын дайындап коюшканын айтышты, бирок ЖМК өкүлдөрү сыртта күтүп турууну чечишти.

Активисттер жана журналисттер #Абдраимовкетсин деген хештег менен акцияны башташты. Кечээ Орок айылындагы окуяда аткаминер «Ала-Тоо 24» каналына гана түшүндүрмө бере турганын, калгандарына түшүндүрмө берүүдөн баш тартканын айткан видео тараган.

Анда аткаминер суроо узаткан кызга «сиздин жүзүңүз жагымсыз», -деп орой мамиле кылган.

Эске салсак, 5-июнда Орок айылындагы мечиттен чыгып бара жаткан 3 өспүрүм уруша кетишкен. Анда 2 өспүрүм 1 баланы сабап салышкан, кесепетинен бала жаракат алып ооруканага жеткирилген. Кийин урушуп кеткен балдардын туугандары 2 тарап болуп нааразычылык акциясына чыгышкан. Ортодо пикир келишпестиктер жаралып, 15 үйдүн терезелери талкаланып, чөп жыйылып турган 1 сарай өрттөлгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18