24.kg
10:03, 06 июня 2019, 24.kg

Кылмыш кылган өспүрүмдөргө салынган айыппулду чоңдордуку менен теңөө сунушталды

Депутат Асел Кодуранова жазык мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Айтымында, коомдук иштерге кимди тартууга боло тургандай кылып өспүрүмдөрдүн жаш диапазонуна чектөө киргизүү керек.

«Бул жазалоонун альтернативдик түрү. Бала анчалык деле зыян келтирбесе, аны сөзсүз эле камакка албоо керек», -деди ал.

Депутаттын айтымында, коомдук иштер 4 категорияга бөлүнөт. Биринчи категорияда 14 жаштан 18 жашка чейинки балдарды 40 сааттан 60 саатка чейинки чектелүү мөөнөткө иштөөгө жибериш керек. Экинчи категориядагыларды 60 сааттан 80 саатка чейин, үчүнчү категориядагыларды 80-100 саат, акыркы категориядагыларды 100-120 саатка чейин иштетүүгө болот.

Кылмыш кылган өспүрүмдөргө салынган айыппулду чоңдордуку менен теңөө сунушталды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18