24.kg
08:51, 06 июня 2019, 24.kg

ИИМ: Орок айылында абал туруктуу

Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Орок айылында абал туруктуу. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Photo 121757

Маалыматка ылайык, айыл милициянын көзөмөлүндө.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө жана түшүндүрүү иш-чараларынын жүрүшүндө Орок айылындагы окуя боюнча 31 жаран бошотулуп, бир жаран Сокулук районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Бүгүн сот тарабынан баш коргоо чарасы аныкталат. Буга чейин, Орок айылындагы окуя боюнча Сокулук РИИБсине 31 жашоочу жеткирилгени, андан соң дагы бир катышуучу кармалгандыгы маалымдалган. Жалпысынан 32 жаран кармалды. Андан сырткары түндө эч кандай окуя катталбаганын билдиребиз. Учурда Чүй ОИИББдин жана Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан күзөттөө уланып, ошондой эле, коомдук тартип жана коопсуздук камсыздалып жатат», -деп билдиришти ИИМден.

Эске салсак, 5-июнда Орок айылындагы мечиттен чыгып бара жаткан 3 өспүрүм уруша кетишкен. Анда 2 өспүрүм 1 баланы сабап салышкан, кесепетинен бала жаракат алып ооруканага жеткирилген. Кийин урушуп кеткен балдардын туугандары 2 тарап болуп нааразычылык акциясына чыгышкан. Ортодо пикир келишпестиктер жаралып, 15 үйдүн терезелери талкаланып, чөп жыйылып турган 1 сарай өрттөлгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18