24.kg
18:00, 04 июня 2019, 24.kg

24.kg агенттиги кыргызстандыктарды эртеңки Орозо айт майрамы менен куттуктайт

Орозо айт -мусулмандардын диний майрамы. Орозо аяктагандан кийин өткөрүлөт. Жылына рамадан айында 12 жаштан жогорку мусулмандар 30 күн орозо кармоого парс делинет. 

Photo 121688

Орозо айт майрамында күн жаңы чыкканда эркектер жакшы кийим кийип, атка минишип, эркек балдарын да жасалгалуу кунан-тайларга мингизип алышып, айт намазга жыгылганы барышат; кыбыла тарапты карап намаз окушат. Намаздан кийин жаш өзгөчөлүгүнө жараша топ-топко бөлүнүп алышып, кыдырата үйлөргө кирип айтташат; ар бир үйдөн даам ооз тийишип, өлгөндөргө куран түшүрүшөт.

24.kg агенттиги жалпы кыргызстандыктарды эртеңки Орозо айт майрамы менен куттуктайт! Ар бир үйгө ырыскы, кут, береке толсун! Өлкөдө тынчтык болсун!

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18