24.kg
11:37, 04 июня 2019, 24.kg

Өлкөдөн чыгарылган 700 миллион доллар. Териштирүүнү тездетүү тапшырмасы берилди

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Азаттык» радиосунун журналисттик иликтөөсүндө айтылган фактыларды текшерүүнүн жүрүшү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө «Азаттык» радиосунун журналисттик иликтөөсүндө айтылган фактыларды тыкыр текшерүү иштеринин жүрүшү талкууланды.

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаев маалымдагандай, «Азаттык» радиосунун журналисттик иликтөөсүндө айтылган акча каражаттарын чыгарып кетүү фактылары боюнча ведомствонун корутундусу 2014-жылы Ички иштер министрлигине өткөрүп берилген. 2016-жылы бул корутунду кайрадан Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына өткөрүлгөн.

«Журналисттик иликтөөдө айтылган компаниялар, адам аттары, өлкөдөн чыгарылган каражаттын суммасы көрсөтүлгөн корутунду аталган мамлекеттик органдарга өткөрүп берилген. Учурда финансылык чалгындоо кызматы финансы полициясы менен биргеликте өлкөдөн 700 миллион АКШ долларын чыгарып кетүү фактыларын кайрадан иликтеп жатат. Кеп «Дордой» жана Кара-Суу базарлары, ошондой эле Түркияга жана Европа өлкөлөрүнө акча которуулар тууралуу болуп жатат», — деди ал.

Премьер-министр териштирүүнү тездетүү тапшырмасын берди.

«Тыкыр жана объективдүү тергөө жүргүзүү эле эмес, коомчулукту өз убагында маалымдоо зарыл. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча далилдерге негизделген, объективдүүлүгү талашсыз, акыркы маалыматтар жарандарга берилүүгө тийиш», — деп баса көрсөттү Мухаммедкалый Абылгазиев.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18