24.kg
08:42, 04 июня 2019, 24.kg

Кытай ИИМге чопкутталган автоунааларды белек кылды

Кытай өкмөтү Кыргызстандын Ички иштер министрлигине чопкутталган автобус, кичи автобус, жол тандабастарды жана машинелерди берди. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, бул автоунаалардын жалпы баасы 30 миллион юанды же 4,3 миллион долларга жакын каражатты түзөт.

Быйыл майда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен Кытайдын коомдук коопсуздук министри Чжао Кэчжи техникалык жардам жөнүндө макулдашкан.

3-июнда автоунааларды алып жатып Кашкар Жунушалиев техникалык жардам кыргыз милициясына кылмыштуулукка каршы күрөштө, коомдук коопсуздукту камсыз кылууда, Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) кийинки аптадагы саммитин өткөрүүдө жардам бере турганын билдирген.​

ШКУга мүчө мамлекет башчылардын саммити быйыл 13-14-июнда Бишкекте өтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18