24.kg
15:17, 03 июня 2019, 24.kg

Шайлоо алдында бюджетте иштегендердин айлыктарын көбөйтпөө сунушталды

Депутат Исхак Масалиев шайлоо алдында бюджетте иштегендердин айлыктарын көбөйтпөөнү сунуштады. Ал бул пунктту шайлоо мыйзамына киргизүүнү туура деп эсептейт.

Анын айтымында, шайлоо маалында башкы административдик ресурс болуп пенсиянын көтөрүлүшү, дарыгерлер менен мугалимдердин маянасын жогорулатуу эсептелет.

«Биз буга тыюу салууну сунуштайбыз. Шайлоо алдында айлыкты жогорулатууну токтотуу зарыл. Карасаңар ар бир прееезиденттик шайлоодо көтөрүшөт», -деди Исхак Масалиев.

Ошондой эле үгүт компанияларына студенттерди тарттууну тыюу салуу сунушталды. Бирок, буга депутат Дастан Бекешев каршы чыкты. Айтымында, ЖОЖдо окугандардын партияга жалданып кагаз таратууга укугу бар.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18