24.kg
10:50, 03 июня 2019, 24.kg

Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурунку жетекчиси кармалды

Президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурунку жетекчиси Манас Арабаев кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы чет элдик инвесторлордун ишмердүүлүк объекттилерин рейдерлик менен басып алган, кылмыштуу топтордун кызыкчылыгы үчүн кызмат абалынан пайдалангандарды жоопко тартуу иш чарасын улантууда. Тергөө маалында Манас Арабаевдин кылмышка тийешеси бар экени аныкталды.

2-июнда Манас Арабаев кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Эске салсак, буга чейин ал ээлеген кызматынан бошотулган. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков былтыр майда кол койгон.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18