24.kg
08:52, 03 июня 2019, 24.kg

Кыргызстанда уранды изилдөөгө жана иштетүүгө тыюу салынды

Радиоактивдүү элементтерди, анын ичинде уранды геологиялык изилдөө жана иштетүү максатында берилген лицензиялык аянттарда иш жүргүзүүгө тыюу салынды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөт кабарлады.

Маалыматка караганда, мындай чечим Жогорку Кеңештин буга чейинки «Кыргызстандын калкынын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» токтомун аткаруу максатында кабыл алынды.

Бул буйрук радиоактивдүү элементтердин калдык сактоочу жайларын жана кен калдыктарын рекультивациялоо боюнча иштерге тыюу салбайт.

Өткөн айда Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Алгач бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ушундан улам өкмөт кенди казганы жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын лицензиясын токтоткон. Парламент «кен иштетилбесин» деген токтом кабыл алган. Президент Сооронбай Жээнбеков уран казылбай турганын айткан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18