24.kg
16:40, 31 мая 2019, 24.kg

Казакстанда шайлоо тууралуу сурамжылоо жүргүзгөн сайтка айыппул салынды

Алматынын административдик соту «шайлоого байланыштуу сурамжылоо жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн» Exclusive.kz сайтына 75 750 теңге (200 доллар) өлчөмүндө айыппул салды. Айыпталуучу тарап бул өкүм боюнча жогорку баскычка он күндүн ичинде апелляциялык арыз менен кайрыла алат.

Сайттын жетекчилиги тагылган айыптоолорду четке кагып, сурамжылоо жүргүзүүнүн алдында мыйзамда каралгандай өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылуу жолдонгонун билдирүүдө.

Соттун материалдарына ылайык, сурамжылоо 5-майда басылманын YouTube сервисиндеги баракчасында жүргүзүлүп, кийин анын жыйынтыктары Exclusive.kz сайтына жарыяланган. Сурамжылоого жалпысынан 120 киши катышкан.

Казакстанда шайлоо темасында сурамжылоо жүргүзүү эрежелерин бузуу айыбы алгачкы жолу тагылып жаткан жок. Өткөн жумада социалдык түйүндөрдө шайлоо тууралуу сурамжылоо жүргүзгөн эки жарандын ар бири 37 875 теңгеден (100 долларга жакын) айыппул төлөөгө милдеттендирилген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18