24.kg
13:58, 31 мая 2019, 24.kg

Бизнеске айланган өнөр. Заманбап, саркеч жана колдо жасалган куурчактар

Назгүл Иманкулованын куурчактарын наристелер эмес, чоңурак кыздар, атүгүл чоң эле кишилер дагы сатып алышат.

Жарым жыл аралыгында Назгүл куурчактарын Instagram аркылуу Кыргызстандын аймактарына гана эмес, коңшу өлкөлөргө дагы жөнөтө баштады.

Ал 24.kgагенттигине хоббини бизнеске айлантуунун сырларын ачып берди.

Назгүл Иманкулова кесиби боюнча даарыгер. Учурда жеке клиникалардын биринде акушер-гинеколог болуп эмгектенет. Бул анын негизги жумушу. Изденүү менен өнөрүн таштабай, бош убактысын өз колу менен кызыктуу жана өзгөчө буюм-тайымдарды жасаганга жумшачу.

— Бир күн апам куурчактардын сүрөтүн жөнөтүп калды. Мага жакты. Уулума жана сиңдиме жасап берди. Бирок, ал куурчактардын чачы жок болчу. Туугандарга абдан жагып, жасап сатпайсынбы деп сунуштап калышты.

Photo 121322

Назгүл куурчак жасап, аны Instagram баракчасына койду.

— Дароо эле комментарийлер жасылып, сурай башташты. Негизи убакыт тар болгондуктан, көп деле жасай бербейм. Көп болсо сатыкта 3-4 кукла болот. Мисалы бүгүн бирөө да жок. Себеби, кечээ эле бир киши төртөө тең сатып алды.

Photo 121323

Ар бир куурчакка кеминде 5-6 сааттан үч күнгө чейин убакыт кетет. Назгүл буйрутма алганды көп жактыра бербейт. Андан көрө өзүнүн оюндагыдай куурчакты толгонуп олтуруп, каалагандай жасаганды жактырат.

— Куурчакты даярдаганда мага илхом керек. Бирөөнүн жолтоо болгонун да жактырбайм. Иним анча-мынча жардам берип калат. Балдарым болсо, ошол мезгилде тынч олтуруп бергени менен көмөктөшөт.

Куурчактар кичинекей бөбөктөргө, чоңурак кыздарга. Көбүнчө алты жашта өйдө кыздар сатып алышат. Жигиттер сүйлөшкөн кыздарына, майрамдарда кесиптештерине сатып алышат. Материалдардын баарын жергиликтүү базарлардан сатып алат. Куурчактардын чачын гана Кытайдан алдырат. Куурчак гана эмес, анын аксессуарларын таңгактаган коробкасын дагы Назгүл өзү колдо жасап чыгат. Бирөө 1 миң 700 сом турат.

— Бишкек, Ош, Жалал-Абадда алып кетишет. Казакстанго жөнөтүп калам. Бир жолу улуттук көйнөке кийген куурчак жасап аны ырчы Асел Кадырбековага тартууладым. Негизи баары эле заманбап, саркеч кийингендер.

Photo 121326

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18