24.kg
11:04, 31 мая 2019, 24.kg

«КТ Мобайл» чыры. Иманкадыр Рысалиевдин уулуна дээрлик 1 миллион сом төлөшкөн

2019-жылдын январынан апрелине чейин «КТ Мобайл» ЖЧКсынын штаттык жүгүртмөсү боюнча директордун орун басары Иманкадыр уулу Эрназарга факты жүзүндө 972,1 миң сом төлөп берген. Бул тууралуу компаниянын ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча Эсеп палатасынын отчетунда жазылат.

Маалыматка ылайык, «КТ Мобайл» ЖЧКсынын штаттык жүгүртмөсү боюнча директордун орун басары Иманкадыр уулу Эрназарга 194 410 сом суммасындагы кызматтык маяна белгиленген. Аталган суммага аны менен ушул жылдын 8-январынан 31-декабрына чейинки мөөнөттө эмгек келишими түзүлгөн.

«2019-жылдын январынан апрелине чейин ага факты жүзүндө 972,1 миң сом төлөп берген. Анын ичинен, 2019-жылдын 1-кварталына карата сый акы 194,4 миң сом, кармоолордон кийин 787,6 миң сом төлөнгөн», -деп айтылат отчетто.

Эске салсак, буга чейин «КТ Мобайл» ЖЧКда эң жогору маяна 157 миң сом Эрназар Иманкадыр уулунуку деп айтылып келген. Ал эми башкы директор Нурбек Мукамбетовдун оклады штаттык расписание боюнча 0 сом.

Компания факты түрүндө ишке кирбесе деле, кызматкерлер айлык жана премия алып турушкан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18