24.kg
10:39, 31 мая 2019, 24.kg

«КТ Мобайл» чыры. Депутаттык комиссиянын отурумун ЖМКсыз өткөрүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаттары депутаттык комиссиянын отурумун ЖМКсыз өткөрүүнү сунушташты. Мындай демилгени Гүлшат Асылбаева көтөрүп чыкты.

Анын айтымында, «КТ Мобайлдын» ишин талкуулоо -коммерциялык сырдын маселелерин козгошу мүмкүн.

«Учурда бул жагдай ачык мейкиндикте көп талкууланып жатат. Мегаком жалгыз гана уюлдук компания эмес. Дагы деле Мегаком боюнча соттук териштирүүлөр аяктай элек. Айрым бөлүктөрдү ачык талкууга алуу соттун чечимине таасир бериши мүмкүн. Мындан улам коммерциялык сырга тиешелүү маселени жабык режимде талкуулоону сунуштайм. Ал эми коомдук талкууга даяр чечимди алып чыгабыз», -деди ал.

Бирок, комиссиянын калган мүчөлөрү мындай сунушка каршы чыгышты. Ал эми депутат Жанар Акаев отурумду парламенттик радио аркылуу угузууну сунуштады. Отурумга өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев дагы келди.

Жогорку Кеңеште өкмөт башчынын туугандары катышкан чуулугандуу окуядан кийин депутаттык комиссия түзүүнү чечишкен. Алар «КТ Мобайл» компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерүүгө алышмакчы.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18