24.kg
08:57, 31 мая 2019, 24.kg

Бишкекте «Коррупцияга каршы чыныгы күрөш үчүн» митинги өтөт

Бишкекте «Коррупцияга каршы чыныгы күрөш үчүн» деген ураан менен тынч митинг өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу жарандык активист, «Социалдык изилдөөлөр институту» уюмунун жетекчиси Рита Карасартова билдирди.

«Азыр биз чечкиндүү кадамга барбасак, эч нерсе оңолбойт окшойт. Сизди азыркы коррупция менен күрөш канааттандырабы? УКМКнын иши канааттандырабы? Миллиондор бюджетке түшпөй жатканы, ошол маселеге бийлик кош көңүл болуп, күрөш саясий багытка оогону сизди канааттандырабы?» деп ал окурмандарга кайрылып «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жазды.

Карасартова мэрияга эки саатка созула турган митингди 3-июнда өткөрүү пландалып жатканы тууралуу билдирүү жөнөттү.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков 16-майда ​Ысык-Көл облусунун Түп районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда: «Коррупция менен күрөш токтобой уланат. Бул күрөштө бир гана президенттин алы жетпейт. Менде эрк бар — президент катары бул күрөштүн башында мен туруп берем. Бирок муну каалабагандар да бар», — деп билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18