24.kg
15:15, 30 мая 2019, 24.kg

Түркмөнстанда камактагы 764 адам эркиндикке чыгат

Түркмөнстанда президент Гурбангулы Бердымухамедов кол койгон жарлыкка ылайык, Рамазан айында камактагы 764 адам эркиндикке чыгарылат.

Өлкөнүн мамлекеттик басылмалары кабарлагандай, өкмөттүн 29-майдагы жыйынында мунапыс тууралуу жарлыкка кол койгон мамлекет башчы тиешелүү мекеме жетекчилерине кайрылып, ырайым алган адамдардын өз убагында чыгып, үйлөрүнө баруусун камсыздоону жана аларды жумушка орноштурууну тапшырган.

«Адамдарга мунапыс берүү менен биз аларга кылган ишине өкүнүп, жаңы жашоо баштап, ак эмгеги менен күнөөсүн актап, мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошуусуна мүмкүндүк берип жатабыз», — деген анда президент.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен калктын жан башына эсептегенде камактагылардын саны эң көп саналган Түркмөнстанда бийликке Гурбангулы Бердымухамедов келгенден бери (2006-жыл) майрамдарга карата мунапыс жарыялоо салтка айланып калды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18