24.kg
12:09, 30 мая 2019, 24.kg

Депутат памирлик кыргыздарга жарандык берүүгө чакырат

Памирлик кыргыздарга жарандык берилиши керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов парламенттик жыйында билдирди.

Ал Ооганстандан көчүрүлүп келген памирлик кыргыздарга жарандык берүү жана жумуш менен камсыз кылуу маселесин көтөрдү.

«Эгер памирлик кыргыздар «Кыргызстанда калабыз, жарандык алабыз» десе муну тез арада чечүү керек. Өкмөткө Ооганстан менен бул боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тапшырмасын берели. Аларга жер бөлүп берип, жумуш менен камсыз кылыш керек», — деди Жамалдинов.

Ооганстандан Нарынга көчүрүлүп келген памирлик кыргыздар 23-майда Бишкекте Тышкы иштер министрлигинин, Мамлекеттик миграция кызматынын жана ​Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү менен жолуккан. Анда алар Кыргызстандын жарандыгын алуу ниетин билдиришкен.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18