24.kg
09:15, 30 мая 2019, 24.kg

Тилек Токтогазиев сунушталган министрдин орун басары кызматынан баш тартты

Жаш ишкер Тилек Токтогазиев сунушталган Айыл чарба министринин орун басары кызматынан баш тартты. Бул тууралуу ал телеканалдардын бириндеги ток-шоуда айтты.

Буга чейин ишкер жаңы дайындалган министр Эркинбек Чодуевди теледебатка чакырган болчу. Кечээ теледебатка жаңы министр келген жок. Тилек Токтогазиев жаңы министрдин командасында иштей албастыгын, ал абалды оңдоп кетээрине ишенбестигин айтты.

Ал кошумчалагандай, айыл чарба тармагы реформага муктаж. Бирок, Эркинбек Чодуевдин министр болуп дайындалышы, өкмөттө кадр каатчылыгынан кабар берет деди ал.

Эске салсак, Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин «Бир-Бол» фракциясы сунуштаган. Мухаммедкалый Абылгазиев аталган кызматка Эркинбек Чодуевду сунуштады. Ал 55 жашта, Айыл чарба министринин орун басары болуп иштейт.

Өкмөт башчы Айыл чарба министрлигине талапкерлигин койгон ишкерди колдогон эмес. Ал кадрларды тандоодо жаштыкка гана таянбастыгын айтып, «Тилек Токтогазиев — жаңыча көз караштагы жаш ишкер. Күнөскана менен алектенет. Бирок, жаштык менен билимден сырткары тажрыйба дагы керек деп ойлоймун», -деген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18