24.kg
08:39, 30 мая 2019, 24.kg

Казакстанда шайлоо алдындагы теледебатка үч талапкер катышкан жок

Казакстанда президенттик шайлоонун алдындагы талапкерлердин теледебаты өттү. Ага төрт талапкер катышып, калган үч талапкер ишенимдүү өкүлдөрүн жөнөтүшкөн.

Теледебаттын жүрүшүндө Казакстан элдик коммунисттер партиясынын талапкери Жамбыл Ахметбеков, «Улут тагдыры» коомдук кыймылынын талапкери Амиржан Косанов, Казакстан кесиптик кошуундар федерациясынын талапкери Амангелди Таспихов жана «Ұлы дала қырандары» кыймылынын талапкери Садыбек Тугел программаларын жеке өзүлөрү тааныштырышты.

Дебатка бийликтеги «Нур Отан» партиясынан көрсөтүлгөн учурдагы президент Касым-Жомарт Токаевдин, «Ак жол» партиясынын өкүлү Дания Еспаеванын жана «Ауыл» партиясынын талапкери Толеутай Рахимбековдун ордуна алардын ишенимдүү өкүлдөрү катышты.

Түз эфирде көрсөтүлгөн бул теледебат эгемен Казакстандын тарыхындагы экинчиси болуп калды. Алгачкысы 2005-жылы өтүп, ага өлкөнүн мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев катышкан эмес. Дээрлик бир жарым саатка созулган дебатты уюштурууга 41 миллион теңге (107 миң доллар) каражат жумшалган. Талапкерлердин үгүт өнөктүгү 7-июнда аяктап, кезектик президенттик шайлоо 9-июнда өтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18