24.kg
15:09, 29 мая 2019, 24.kg

Депутат: Панфилов атындагы паркты аттракциондордон тазалоо керек

Панфилов атындагы паркты аттракциондордон тазалоо керек. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында депутат Эрмек Усубалиев билдирди.

Айтымында, аттракциондорду башка жайга көчүрүү керек. Ал техникалык талаптарга жооп берген эс алуу жайларына орнотууну сунуштады.

«Панфилов эс алуу жайына кайыктары бар көлмөлөрдү, фонтандарды орнотуу керек. Эл мурдагыдай отургучтарга отуруп эс алышы керек. Дем алыш күндөрү эмне болуп жатканын көрүп атасыңарбы? Эс алуу жайы жана аны курчап турган аймак мындай көп сандаган унааларга эсептелген эмес. Айдоочулар газонго, Фрунзе көчөсүнө жана Эски аянтка унааларын токтотуп жатат», -деди ал.

Вице-мэр Азиз Алымкулов идеяны колдоду, бирок аталган жайдын убактылуу бир канча ижара ээлерине берилгенин кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18