24.kg
14:08, 29 мая 2019, 24.kg

Бойдон түшүрүүчү каражатты саткан дарыгер кызматтан алынды

Ысык-Көл облусуна караштуу Көк-Мойнок айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун дарыгери кызматтан алынды. Ага бойдон түшүрүүчү каражатты саткан деген айып коюлду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, окуяны атайын комиссия иликтеген. Дарыны сатуу тууралуу билдирүү ЖМКда жарыяланган.

Кардардын айтымында, дарыгер ага наристе курсакта өлүп калган деп, бойдон түшүрүүчү белгисиз кытай дарыларын саткан. Ал Бишкекке келип, башка клиникадан текшерилген, бирок анын кош бойлуулугу жакшы өтүп жатканы аныкталган. Териштирүүнүн жыйынтыгында дарыгерди кызматтан кетиришти.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18